# 22-берене. Жайлардын менчик ээлеринин жалпы чыгашаларга катышуусу

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279765..1279766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 22-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-22

---

1. Менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчөлүгүнө карабастан, турак жай менчик ээлеринин шериктиги башкарган жалпы мүлктү күтүү боюнча жалпы чыгашаларга өздөрүнүн жалпы мүлктөгү үлүшүнө пропорциялуу түрдө катышууга милдеттүү.

Жалпы мүлктү күтүүгө төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмү коомдун уставында белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктиги тарабынан аныкталат.

2. Тийиштүү төгүмдөрдү жана төлөмдөрдү төгүү ай сайын шериктиктин уставында каралган тартипте жүргүзүлөт.

Турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан жалпы мүлктү пропорциялуу эмес пайдалануу менен байланышкан сарптоолор алар тарабынан өздөрүнүн эсебинен жабылат. Жайларга бекитилген жалпы мүлктү жеке пайдалануу менен байланышкан менчик ээлеринин чыгымдары ошол менчик ээлери тарабынан жабылат. Жалпы мүлктү пайдалануудан алынган кирешелер менчик ээлерине таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы мүлктү натыйжалуу күтүү жана башкаруу максаттарында пайдаланылат.

3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү же турак жана турак эмес жайдын менчик ээлери төмөнкүдөй учурларда милдеттүү төгүмдөрдү жүргүзбөөгө жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башка чыгашаларын төлөбөөгө укуктуу:

1) эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктиги 2026-жылдын 1-январынан тартып накталай эмес жол менен эсептешүүнү жүзөгө ашырбаса;

2) эгерде башкарманын мүчөлөрү өз иштери жөнүндө отчет бербесе жана Турак жай кодексинде жана ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шериктиктин финансылык отчетун бербесе;

3) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин атынан башкарманын төрагасынын жеке максаттары үчүн бүтүмдөрдү түзсө;

4) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнүн Турак жай кодексинин ченемдерине дал келбесе.

Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөсү же шериктикке кирбеген жайдын менчик ээси ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенден кийин төлөөлөрдү кайра баштоого жана милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-21)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-221)
