# 21-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279765..1279766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 21-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-21

---

1. Эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун, шериктиктин башкармалыгынын, башкармалыктын төрагасынын же текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) чечими ушул Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, уставга карама-каршы келсе, анда турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кандай болбосун мүчөсү сотко даттанууга укуктуу.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги менен анын мүчөлөрүнүн, ошондой эле турак жай менчик ээлеринин шериктиги менен башка жарандардын же юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилүүгө жатат.

3. Ушул Мыйзамда каралган милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда башкарманын, текшерүү комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү жана турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-22)
