# 20-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин чарбалык иши

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 20-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-20

---

1. Уставда каралган максаттарга жетүү үчүн турак жай менчик ээлеринин шериктиги чарбалык иштер менен алектенүүгө укуктуу.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги чарбалык иштердин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектене алат:

1) көп батирлүү үйдөгү кыймылсыз мүлктү тейлөө, эксплуатациялоо жана оңдоо;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп батирлүү үйдө кошумча жайларды жана жалпы мүлк объекттерин куруу;

3) ижарага берүү, көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн бир бөлүгүн жалдоо;

3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечиминин негизинде шериктиктин чарбалык ишинен түшкөн киреше жалпы чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланылат же шериктиктин уставында каралган максаттарга чыгымдалуучу атайын фонддорго жөнөтүлөт. Кошумча киреше турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ишинин ушул главада жана шериктиктин уставында каралган башка максаттарына багытталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-21)
