# 18-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү)

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 18-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-18

---

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү) шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө шайланат. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясынын курамына шериктиктин башкармалыгынын мүчөлөрү жана алардын үй бүлө мүчөлөрү кире алышпайт.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы өз курамынан текшерүү комиссиясынын төрагасын шайлайт.

3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү):

1) шериктиктин финансылык ишин жылына бир жолудан кем эмес текшерүүнү жүргүзөт;

2) шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна тийиштүү жылга шериктиктин кирешелер жана чыгашалар сметасы жөнүндө корутундуну жана финансылык иши жана милдеттүү төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө отчетту берет;

3) өз иши тууралуу шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда отчет берет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-19)
