18-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү)
Күчүндө · 28.05.2025 редакциясы · 3-глава
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү) шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө шайланат. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясынын курамына шериктиктин башкармалыгынын мүчөлөрү жана алардын үй бүлө мүчөлөрү кире алышпайт.
2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы өз курамынан текшерүү комиссиясынын төрагасын шайлайт.
3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин текшерүү комиссиясы (текшерүүчү):
1) шериктиктин финансылык ишин жылына бир жолудан кем эмес текшерүүнү жүргүзөт;
2) шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна тийиштүү жылга шериктиктин кирешелер жана чыгашалар сметасы жөнүндө корутундуну жана финансылык иши жана милдеттүү төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмдөрү жөнүндө отчетту берет;
3) өз иши тууралуу шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда отчет берет.
Берененин тексти 28.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203930/st-18" title="18-берене - Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>