# 17-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын төрагасы

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 мая 2025 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товариществах собственников жилых и нежилых помещений многоквартирных домов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027300)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279766..32469>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 17-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-17

---

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын төрагасы шериктиктин уставында белгиленген мөөнөткө шайланат. Шериктиктин башкармалыгынын төрагасы башкармалыктын чечимдерин аткарууну камсыз кылат, шериктештиктин бардык кызмат адамдарына көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди берүүгө укугу бар, анын аткарылышы көрсөтүлгөн адамдар үчүн милдеттүү.

11. Шериктиктин башкармалыгынын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын төрагасы шериктиктин атынан ишеним катсыз аракеттенет, төлөм документтерине кол коет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, шериктиктин уставына ылайык шериктиктин башкармалыгы же шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун милдеттүү түрдө жактыруусун талап кылбаган бүтүмдөрдү жасайт, милдетине көп батирлүү үйдү тейлөө кирген кызматкерлерге карата шериктиктин ички тартибинин эрежелерин, алардын эмгек акыларын төлөө тууралуу жобону иштеп чыгат жана шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна бекитүүгө киргизет.

(КР 2025-жылдын 28-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-18)
