# 16-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын милдеттери

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279765..1279766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 16-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-16

---

Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) шериктик тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана шериктиктин уставынын талаптарын сактоо;

2) жайлардын менчик ээлеринин белгиленген милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү өз учурунда төлөшүн көзөмөлдөө;

3) тийиштүү жылга шериктиктин кирешелер жана чыгашалар сметасын (жылдык бюджетин) жана финансылык иши жөнүндө отчетторду түзүү, бекитүү үчүн аларды шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна коюу;

4) көп батирлүү үйдү башкаруу же аны башкарууга келишим түзүү;

5) көп батирлүү үйдү тейлөө үчүн кызматкерлерди жалдоо жана аларды бошотуу;

6) көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктү тейлөөгө, эксплуатациялоого жана оңдоого келишимдерди түзүү;

7) шериктиктин мүчөлөрүнүн тизмесин, иш кагаздарын, бухгалтердик эсепти жана бухгалтердик отчетту жүргүзүү;

8) шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун чакыруу жана өткөрүү;

9) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уставынан келип чыккан башка милдеттерди аткаруу.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-17)
