# 15-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 мая 2025 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товариществах собственников жилых и нежилых помещений многоквартирных домов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027300)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.05.2025 [Закон КР от 28 мая 2025 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товариществах собственников жилых и нежилых помещений многоквартирных домов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027300); 15.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279766..32469>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 15-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-15

---

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ишине жетекчилик шериктиктин башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылат. Көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына жана турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун компентенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы шериктиктин ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы шериктиктин мүчөлөрүнүн ичинен шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда шериктиктин уставында белгиленген, бирок 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө шайланат. Башкармалыктын мүчөлөрүнүн саны жуп эмес болушу керек жана шериктиктин уставы менен белгиленет.

Бир эле адам шериктиктин башкармасына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

21. Шериктиктин башкармалыгынын курамына жашы жеткен, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.

Эгерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн аракеттери же аракетсиздиги турак жай ээлеринин кызыкчылыктарына зыян келтирип жатса, алар чакыртып алынышы мүмкүн. Башкармалыктын мүчөлөрүн чакыртып алуу турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин уставында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы өз курамынан шериктиктин төрагасын шайлайт.

4. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгы шериктиктин аткаруу органы болуп саналат, шериктиктин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна отчет берет.

5. Эгерде шериктиктин уставында башкача белгиленбесе, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын жыйналышы айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

6. Эгерде ошондой жыйналышка шериктиктин башкармалыгынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса, турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын жыйналышы укуктуу деп таанылат. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармалыгынын чечими протокол менен жол-жоболоштурулат.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182, 2025-жылдын 28-майындагы №108 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-142)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-16)
