Аккаунтту тууралаңыз

Бул документ боюнча сурооңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.

Мисалы:

142-берене. Сырттан добуш берүү жолу менен өткөрүлүүчү турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу

Күчүндө · 28.05.2025 редакциясы · 3-глава

Берененин тексти 28.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Сырттан добуш берүү жолу менен өткөрүлүүчү турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу 1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы жалпы чогулуштун күн тартибиндеги маселелер боюнча сурамжылоо барактарын даярдайт. Добуш берүүгө коюлган маселелер боюнча сурамжылоо барагында добуш берүүгө катышкан адам жана күн тартибинин ар бир маселеси боюнча "макул", "каршы" же "калыс" деген сөздөр менен туюнтулган чечимдер жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 2. Сурамжылоо барагынын ар бир бетине турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасынын төрагасы кол коюуга тийиш жана мөөр басылышы керек. 3. Добуш берүүгө алынып чыккан маселелер боюнча сурамжылоо барактары турак жай менчик ээлеринин шериктигинин ар бир мүчөсүнө жеткирилет, алар жок болгон учурда сурамжылоо жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар кол коюшкан тиешелүү акт түзүлөт. 4. Жооптуу адамдар сурамжылоо барактарын чогулткандан кийин турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт. Сурамжылоо барактары протоколго милдеттүү тиркеме болуп саналат. 5. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыктары, жарыяланган датасы көрсөтүлүү менен, маалымат стендине илинет. 6. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасын жана текшерүү комиссиясын шайлоодо сырттан добуш берүү менен өткөрүлүүчү жалпы чогулуш төмөнкүдөй 2 этапта өткөрүлөт: 1) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасы тарабынан белгиленген мөөнөттө башкарманын жана текшерүү комиссиясынын курамына талапкерлер турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү тарабынан жазуу жүзүндө сунушталат. Бул учурда сунушталган талапкерлер аларды шайлануучу башкарманын курамына киргизүүгө жазуу жүзүндө макулдугун берүүгө тийиш. 2) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкармасына жана текшерүү комиссиясына талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын менчигинде турган жайдын дарегин камтыган сурамжылоо барагын түзүү жана жалпы чогулушту өткөрүү. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203930/st-142" title="142-берене - Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>