# 141-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун жеке добуш берүү жолу менен өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279765..1279766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 141-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-141

---

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу, эгерде ага турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн же алардын өкүлдөрүнүн 50 пайыздан ашыгы катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.

Кворум жок болгон учурда турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрү катышкандардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кийинки чогулушту өткөрүүнүн формасы жөнүндө чечим кабыл алат. Сырттан добуш берүү жолу менен жалпы чогулушту өткөрүү чечими кабыл алынган учурда шериктиктин катышкан мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу сурамжылоо жүргүзүү үчүн үч адамдан кем эмес сандагы жооптуу адамдарды шайлайт. Жалпы чогулуштун чечими протокол менен таризделет. Каттоо баракчасы протоколго милдеттүү тиркеме болуп саналат.

2. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жаңыдан дайындалган жалпы чогулушу өтпөй калган жалпы чогулуштун датасынан тартып 2 күндөн эрте эмес жана 30 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүшү мүмкүн.

Жалпы чогулушка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрү катыша алат. (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-14)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-142)
