# 111-берене. Бир нече көп кабаттуу үйлөрдү тейлеген турак жай ээлеринин шериктигинен чыгуу

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279765..1279766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 111-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-111

---

1. Бир нече көп батирлүү үйлөрдү тейлеген турак жай менчик ээлеринин шериктигинен бир көп батирлүү үйдү чыгаруу жөнүндө маселе шериктиктен чыгууну демилгелеген көп батирлүү үйдүн менчик ээлеринин жалпы чогулушуна коюлат.

2. Шериктиктен чыгуу жөнүндө чечим, эгерде ага шериктиктен чыгууну демилгелеген көп кабаттуу үйдүн менчик ээлеринин жалпы санынын 51 пайызынан кем эмеси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

3. Чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жалпы чогулуштун протоколу турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кеңешине берилет. Бул документ турак жай менчик ээлеринин шериктештигин кайра уюштуруу үчүн негиз болуп саналат.

4. Турак жай менчик ээлеринин учурдагы шериктигинен чыккандан кийин менчик ээлери үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын турак жай мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жалпы мүлктү башкаруу ыкмасын тандап алууга милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-11)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-12)
