# 10-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине документтерди сактоо жана өткөрүп берүү

- Документ: [Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203930)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 122 "Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 122
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 августа 2023 года № 182 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам управления многоквартирными домами"](https://aqlex.ai/kg/doc/112670)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930#diff=1279765..1279766>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4859/edition/1279764/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203930/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө, 10-берене (28.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-10

---

1. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мурда менчик ээлери же менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкарып келген уюм ошол имаратка же имараттарга жана аларга бекитилген жер участокторуна байланыштуу бардык документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча бир айдын ичинде турак жай менчик ээлеринин шериктигине өткөрүп берүүгө, ошондой эле жазуу жүзүндөгү корутундуну берүү менен жалпы мүлктүн, имараттын же имараттардын техникалык абалын күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.

11. Уюштуруу чогулушунун демилгелүү тобу турак жай менчик ээлеринин шериктигине уюштуруу чогулушун өткөрүү демилгеси менен байланышкан документтерди берет.

12. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте документтерди алты жыл бою сактоого милдеттүү.

2. Эгерде турак жай ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөн учурга карата андай уюмдар өз ишин токтоткон болсо, көрсөтүлгөн документтер өткөрүлүп берилген адам ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталган тартипте аларды турак жай менчик ээлеринин шериктигине өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Турак жай ээлеринин шериктигин түзүүдө жалпы мүлк, эреже катары, мурда тейлеген уюм тарабынан ойдогудай абалга келтирилиши керек.

Жалпы мүлктүн талаптагыдай абалын үйдүн ичиндеги түйүндөрдүн жана инженердик жабдуулардын нормалдуу иштешин, ошондой эле көп батирлүү үйдүн имаратынын коопсуздугун камсыз кылуу тутумунун оң экенин талаптайт.

4. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги түзүлүп жаткан көп батирлүү үйдү курган юридикалык жак же жеке ишкер турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн турак жай менчик ээлеринин шериктигине пайдаланууга талаптагыдай сапатта өткөрүп берүүгө милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203930/st-11)
