Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине документтерди сактоо жана өткөрүп берүү
Күчүндө · 28.05.2025 редакциясы · 2-глава
1. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мурда менчик ээлери же менчик ээлеринин жалпы мүлкүн башкарып келген уюм ошол имаратка же имараттарга жана аларга бекитилген жер участокторуна байланыштуу бардык документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча бир айдын ичинде турак жай менчик ээлеринин шериктигине өткөрүп берүүгө, ошондой эле жазуу жүзүндөгү корутундуну берүү менен жалпы мүлктүн, имараттын же имараттардын техникалык абалын күбөлөндүрүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.
11. Уюштуруу чогулушунун демилгелүү тобу турак жай менчик ээлеринин шериктигине уюштуруу чогулушун өткөрүү демилгеси менен байланышкан документтерди берет.
12. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте документтерди алты жыл бою сактоого милдеттүү.
2. Эгерде турак жай ээлеринин шериктиги мамлекеттик каттоодон өткөн учурга карата андай уюмдар өз ишин токтоткон болсо, көрсөтүлгөн документтер өткөрүлүп берилген адам ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталган тартипте аларды турак жай менчик ээлеринин шериктигине өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3. Турак жай ээлеринин шериктигин түзүүдө жалпы мүлк, эреже катары, мурда тейлеген уюм тарабынан ойдогудай абалга келтирилиши керек.
Жалпы мүлктүн талаптагыдай абалын үйдүн ичиндеги түйүндөрдүн жана инженердик жабдуулардын нормалдуу иштешин, ошондой эле көп батирлүү үйдүн имаратынын коопсуздугун камсыз кылуу тутумунун оң экенин талаптайт.
4. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги түзүлүп жаткан көп батирлүү үйдү курган юридикалык жак же жеке ишкер турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн турак жай менчик ээлеринин шериктигине пайдаланууга талаптагыдай сапатта өткөрүп берүүгө милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203930/st-10" title="10-берене - Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>