# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 "2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 "2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1393/edition/499962/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 "2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (20.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20393

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 20-январы № 10

2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8, 15-январында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 166 токтому менен дайындалган Нарын облусунудагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, 2013-жылдын 23-декабрындагы № 184 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан, Өзгөн районунун Кароол; Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал; Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек, Ничке-Сай 2013-жылдын 26-декабрындагы № 188 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо өткөрүлдү. Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыларынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын (№ 1 тиркеме).

2. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.

3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (№ 2 тиркеме).

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 токтомунун № 1 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы

Шайлоо өткөрүлгөн күнү

Нарын облусу Ат-Башы району

Ак-Моюн

18.12.2013

Ош облусу Кара-Суу району

Папан

8.01.2014

Өзгөн району

Кароол

8.01.2014

Ысык-Көл облусу Ак-Суу району

Кара-Жал

8.01.2014

Жалал-Абад облусу Токтогул району

Үч-Терек

8.01.2014

Ничке-Сай

8.01.2014

Ош облусу Өзгөн району

Зергер

15.01.2014

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-январындагы № 10 токтомунун № 2 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ

Шайлоо өткөрүлгөн күнү

Нарын облусу Ат-Башы району

1.

Ак-Моюн

Мамбетов Дүйшенбек Абдыгазиевич

18.12.2013

Ош облусу Кара-Суу району

2.

Папан

Исмаилов Эрматбек Бакирович

8.01.2014

Өзгөн району

3.

Кароол

Сайитов Рустамбек Акжолович

8.01.2014

Ысык-Көл облусу Ак-Суу району

4.

Кара-Жал

Тамаев Омурбек Шакирович

8.01.2014

Жалал-Абад облусу Токтогул району

5.

Үч-Терек

Сейдалиев Рысбай Көчкөнбаевич

8.01.2014

6.

Ничке-Сай

Нурматов Нарынбай Бекишович

8.01.2014

Ош облусу Өзгөн району

7.

Зергер

Акматов Юлдаш Мамытович

15.01.2014
