# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203929)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203929/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4858/edition/477625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203929/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (28.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203929/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 34-глава төмөнкүдөй мазмундагы 487-2 - 487-4-статьялар менен толукталсын:

"487-2-статья. Турак жайларда санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык бейпилдикти бузуу

Турак жай имараттарында жана жайларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камсыз кылуу эрежелери белгиленген санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык бейпилдикти бузуу, -

- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - ондон жыйырмага чейин, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миңге чейин айып салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [487-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203929/st-487-3)
