# КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 119
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4856/edition/477621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (09.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203927

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 9-июлу № 119

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203927/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "үй-бүлөлүк," жана "тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк," деген сөздөрдөн кийин "турак жай," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 245-статьяда:

2-пункттун үчүнчү абзацында "юридикалык жактардын" деген сөздөрдөн кийин ", муниципалдык" деген сөз менен толукталсын; 3-пунктунда "Турак үйлөрдө" деген сөздөр "Турак жайларда" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 247-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"247-статья. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкү

1. Көп квартиралуу үйдөгү бирден ашык менчик ээсин тейлеген жайлар, үй ичиндеги түйүндөр жана инженердик жабдуу-шаймандар (подъезддер, вестибюлдар, квартира аралык тепкичтер жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, квартирадан тышкары коридорлор, коридорлор, кургаткычтар, кир жуугуч бөлмөлөр, буюм сактагычтар, чердак, техникалык кабаттар, жертөлөлөр, өткөөл шлюздар, таштанды камералары, таштанды өткөргүчтөр, чатыр жапкычтар, имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар жана башкалар), ошондой эле үй жанындагы жер участкалары көп квартиралуу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат.

2. Көп квартиралуу үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин үлүштөрүнүн өлчөмү жана ушул мүлктү күтүү жана сактоо боюнча чыгымдарды менчик ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү турак жай мыйзамдарына ылайык белгиленет.

3. Көп квартиралуу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери турак үйдүн жалпы мүлкүнө менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн ээликтен ажырата албайт, ошондой эле бул үлүштү турак жана турак эмес жайларга менчик укугунан бөлүп өзүнчө берүүгө алып келүүчү башка аракеттерди жасай албайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203927/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
