# 90-берене. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар жана алардын жоопкерчиликтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 90-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-90

---

1. Көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларын кайра куруу ушул Кодексте белгиленген учурларда, мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын кайра курууда инженердик курулмаларды которуунун долбоору ушул Кодекстин 88-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда тиешелүү жабдуучу уюмдар менен макулдашууга тийиш.

2. Турак жана турак эмес жайларды жана инженердик тарамдарды кайра курууга уруксат берүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары кабыл алынган документтердин тууралыгына кабыл алынган чечимдеринин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдерине ылайык келишине жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-91)
