# 88-берене. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 декабря 2017 года № 207 (12) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в области землепользования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111704)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=1279532..1279533>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 88-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-88

---

1.. Турак жай имараттарындагы турак жайларды кайра куруу ыйгарым укуктуу органдын жана турак жай фондун эксплуатациялоо жаатындагы иштерди жүзөгө ашырган органдын көзөмөлү алдында турак жайдын менчик ээлери тарабынан мыйзамдарда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) профилин өзгөртүүнү - жайдын функционалдык багытын өзгөртүүнү;

2) реконструкцияны - жайдын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин, инженердик жабдууларды жана архитектуралык чечимдерин өзгөртүүнү;

3) кайра пландоону - ушул жайдын конфигурациясына кийин өзгөртүү менен жайдын планын өзгөртүүнү.

2. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген архитектуралык-курулуш, шаар куруу ченемдери менен аныкталат.

3. (КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 207 (12) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-89)
