# 85-берене. Жаратылыштын ар кандай кырсыктарынын таасиринде коопсуз эксплуатациялоону камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 85-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-85

---

1. Турак жайларды коопсуз эксплуатациялоо үчүн, ошондой эле долбоорлоо алдындагы жумуштардын баскычында аларды инженердик коргоо ишин долбоорлоодо коркунучтуу жаратылыш процесстерин болтуруучу жана (же) аларды активдештирүүчү болжолдуу же болбосо реалдуу географиялык кырсыктар аныкталышы керек.

2. Эксплуатацияланып жаткан турак жайларды жаратылыш кырсыктарынан коргоо үчүн мезгил-мезгили менен, бирок 3 жылда бир жолудан кем эмес ар кандай жаратылыш кырсыктарынын таасирлеринен коргоочу тутумдун ишке жарактуулугуна контроль жүргүзүлөт. Ошону менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эксплуатациялоодо турган турак жай фонду үчүн жаратылыш процесстеринин коркунучтуулук категорияларын аныктоо максатында жаңы жаратылыш кырсыктарынын келип чыгышын аныктап туруулары керек.

3. Жаратылыш кырсыктарынын таасирлеринен жана жаңы коркунучтуу жаратылыш кырсыктарынын келип чыгышынан коргоо тутумунун иштөө жөндөмдүүлүгүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-86)
