# 81-берене. Турак жайлардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 81-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-81

---

1. Турак жайлар мыйзамдарда белгиленген бекемдиктин, жер титирөөгө туруктуулугун, туруктуулуктун, коопсуздуктун жана технологиялуулуктун талаптарына жооп берүүгө тийиш.

2. Атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул имарат тургузулган долбоордогу жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чечимдердин жана нормалардын талаптарына конструкциялардын, жайлардын, конструкциялык иш-чаралардын абалынын ылайык келүүсүн милдеттүү текшерүүнү жүргүзүшөт.

3. Имараттын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон имараттын эскилиги билингенде, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары имараттардын менчик ээлерин турак имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттендирет же тургундарды реконструкциялоого жатпаган турак жайлардан чыгарууну сунуштайт.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-82)
