# 79-берене. Турак үйдүн паспортун түзүү боюнча негизги жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 79-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-79

---

1. Турак үйдүн, анын ичинде көп батирлүү үйдүн паспорту көлөмдүк-пландоочу, долбоорлук, конструкциялык, изилдөөчүлүк чечимдердин бардык көрсөткүчтөрүн, турак үйдүн коопсуз пайдаланылышын камсыз кылуучу субъекттер жөнүндө маалыматтарды жана үйдүн коопсуздугу боюнча жүргүзүлгөн жумуштардын натыйжаларын жана анда андан ары да жашоого берилген уруксатты камтыган документ болуп саналат.

2. Турак үйдүн паспорту турак жай имараттарын сертификаттоодо да түзүлөт жана аларды камсыздандыруу үчүн негизги документ болуп саналат.

Турак үйдүн паспорту төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

1) долбоорду иштеп чыгуу жана турак жайды куруу жана анын катталышы жөнүндө маалыматтарды;

2) үй ичиндеги тарамдар жана турак жай үйүнүн инженердик жабдуулары жөнүндө маалыматтарды;

3) турак үйдүн көлөмдүк-пландоочу чечиминин маалыматтарын;

4) долбоорду, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, конструкцияларды, буюмдарды жана материалдарды сертификаттоо боюнча маалыматтарды өзүнө камтыган сертификациялык сыноолордун натыйжаларын;

5) объектти эксплуатациялоого кабыл алуу жана имаратты эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды;

6) курулуш жана эксплуатациялоо боюнча көрсөтмөлөрдү, тараптардын (долбоорлоочунун, куруучунун, менчик ээсинин) укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин;

7) аянтын көрсөтүү менен жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайлардын тизмегин;

8) турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлктөгү үлүштөрүнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды;

9) үй жанындагы жер участогунун чектери жөнүндө маалыматтарды;

10) жүргүзүлгөн датасын көрсөтүү менен турак жана турак эмес жайлардын жүргүзүлгөн кайра куруу жөнүндө маалыматтарды;

11) жүргүзүлгөн датасын көрсөтүү менен көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн капиталдык оңдоо жөнүндө маалыматтарды.

3. Бардык турак үйлөр менчигинин формасына карабастан турак үйдүн паспортуна ээ болушу керек.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-80)
