# 77-берене. Лифттик жабдуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 77-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-77

---

1. Лифттер менен жабдылган көп батирлүү үйлөрдө лифт жабдуулардын менчик ээлери анын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Лифттерди техникалык тейлөө адистешкен уюмдар тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

2. Турак жайлардын менчик ээлеринин атынан лифттик жабдууларды техникалык тейлөө жөнүндө келишимдерди алар ыйгарым укук берген адамдар түзүшөт.

3. Көп батирлүү үйлөрдөгү лифттик жабдууларды капиталдык оңдоо жана иш жүзүндө эскиргендерин алмаштыруу анын менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен же жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4. Лифттик жабдууларды техникалык тейлөө тарифтери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-78)
