# 76-берене. Көп батирлүү үйдөгү турган үй ичиндеги тарамдар жана инженердик жабдуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 76-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-76

---

1. Көп батирлүү үйдөгү турган үй ичиндеги тарамдарга жана инженердик жабдууларга газды, муздак сууну, суу жүргүзүүнү, ысык сууну жана жылуулукту камсыздоону, электр энергиясын, лифттик жабдууну, тартылган телефон байланышын, интернет жана кабелдик теле көрсөтүүнү жеткирүү боюнча инженердик коммуникациялар кирет.

2. Үй ичиндеги тарамдардын жана инженердик жабдуулардын менчик ээлери инженердик жабдуулардын, үй ичиндеги тарамдардын, эсепке алуу приборлорунун сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана техникалык тейлөөнү жүргүзүү үчүн аларга жеткиликтүү камсыз кылышат.

3. Үй ичиндеги тарамдардын жана инженердик жабдуулардын менчик ээлери тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар өз ичине профилактикалык кароолорду, учурдагы оңдоолорду, ошондой эле авариялык тейлөөнү камтыган техникалык тейлөөнү камсыз кылуу максатында жабдуучу уюмдар же адистешкен башка уюмдар менен келишим түзүүгө милдеттүү.

4. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн белгиленген режимин сактоого, ошондой эле жабдуучу жана башка уюмдарга авариялар, өрт, үй ичиндеги тарамдардын жана инженердик жабдуулардын оң эместиктери жана башка бузуулар тууралуу токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

5. Үй ичиндеги тарамдардын техникалык абалына жана эксплуатациялоого карата талаптар, ошондой эле алардын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби ченемдик укуктук актыларда аныкталат.

6. Турак жай имаратынын ички тарамдарын жана инженердик жабдууларын кайра курууга тыюу салынат. Жетүүгө болбогон күчтүн аракеттеринин учурларында шаар куруу жана архитектура жаатындагы тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды кайра куруу жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-77)
