# 75-берене. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөө боюнча жарандардын айрым категорияларын социалдык коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 75-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-75

---

1. Жарандардын айрым категорияларына мыйзамдарда белгиленген тартипте жана шарттарда товарларга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жеңилдиктер же турак жай субсидиялары берилиши мүмкүн.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, товарларга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча жеңилдиктер же турак жай субсидиялары чет өлкө жарандарына, жарандыгы жок адамдарга берилбейт.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-76)
