# 74-берене. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча милдеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 74-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-74

---

1. Жарандар жана юридикалык жактар товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында жана толугу менен акы төлөөгө милдеттүү.

2. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн менчик ээсинин же турак жайды пайдалануучунун акы төлөө боюнча милдеттери мыйзамдарга ылайык ушундай товарларды же коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү коюуга тиешелүү жарандык-укуктук келишимдер түзгөн учурдан тартып же көрсөтүлгөн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү мурда түзүлгөн келишим боюнча койгон учурдан тартып келип чыгат.

Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү алты айдан ашык создуктурган учурда, камсыздоочу же адистешкен башка уюмдар товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө боюнча карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу.

3. Мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунун турак жайын жалдоочу тарабынан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү алты айдан ашык создуктургандыгы үчүн турак жайдын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы бир тараптуу тартипте мүлктү жалдоо келишимин бузууга жана андан карыздын суммасын сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-75)
