# 73-берене. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=6576..14367>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 73-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-73

---

1. Товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:

1) товарды эсепке алуу приборлору менен (электр энергиясы, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, иче турган суу, суу жүргүзүү (канализация);

2) товарды эсепке алуу приборлору болбогон учурда, акынын өлчөмү Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү керектөө ченемдери жана топтоо нормалары менен аныкталат;

3) турак жайдын жалпы аянтынын өлчөмүнөн (жылуулук, үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды, анын ичинде лифттик жабдууларды техникалык тейлөө);

4) турак жайларда иш жүзүндө жашагандардын санынан (тиричилик таштандыларын чыгаруу, суу жүргүзүү (канализация), ысык суу менен камсыздоо).

2. Эсепке алуу приборлору болгондо, берилүүчү товардын көлөмүн керектөө ченемдери боюнча аныктоого жол берилбейт.

3. Турак жайда берилүүчү товарларды жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн тарифтери жана ченемдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте бекитилет.

4. Жарандар убактылуу болбогондо керектөө ченемдери боюнча эсептелген товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы, эсепке алуу приборлору белгилөөчү жылуулук энергиясын жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жарандар убактылуу болбогон мезгил үчүн мыйзамдарга ылайык аны түзөтүүнү эске алуу менен киргизилет.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-74)
