# 72-берене. Товарлардын жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 72-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-72

---

1. Турак үйдө берилүүчү товарлар жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр тиешелүү калктуу конуштун шарттарына карата турак жайлардын зарыл ыңгайлуулуктарын, алардын белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга ылайык келишин камсыз кылат.

2. Товарларга төмөнкүлөр кирет:

1) электр энергиясы;

2) жылуулук энергиясы (ысык суу менен камсыздоо, жылуулук);

3) иче турган суу;

4) жаратылыш газы;

5) байланыш кызматтары (телефон, интернет, телекөрсөтүү).

3. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:

1) катуу турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу;

2) суу жүргүзүү (канализация);

3) үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды анын ичинде көп батирлүү үйдү лифттик жабдууларды жабуучу же адистешкен уюмдар тарабынан техникалык тейлөө.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-73)
