# 70-берене. Турак жайга менчик укугун жоготууга алып келген жеңүүгө болбогон күчтүн аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 70-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-70

---

1. Мамлекет жеңүүгө болбогон күчтүн (табигый жана аскердик аракеттер) аракеттердин натыйжасында алар турак жайга менчик укугун жоготкон учурда жарандарга турак жай берүүгө милдеттүү.

2. Мамлекет жарандарга көчмө турак жайларды (боз үйлөрдү, дөңгөлөктүү типтүү үйлөрдү (трейлерлерди), адистешкен вагон-үйлөрдү ж.б.) бир жылдан ашпаган мөөнөткө мөөнөттүү пайдаланууга берет.

Көчмө турак жай фондунун турак жайларында жашоо үчүн шарттар мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келиши керек. Көчмө турак жай фондунун турак жайларын пайдалануунун тартиби ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда аныкталат.

3. Көчмө турак жай фондунун турак жайлары жеке менчикке берилбейт, ал эми мүлктү (ссуданы) анын маанилүү шарттары жарандык мыйзамдарда белгиленген кайтарымсыз пайдалануу келишими боюнча берилиши мүмкүн.

Көчмө турак жай фондунун турак жайларына муктаж жарандарды эсепке алуунун тартиби, ошондой эле аларды берүүнүн шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Көчмө турак жай фондунун турак жайларын күтүүнүн жүгүн жарандык коргонуу, өрт жана радиациялык коопсуздук жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүк тартат.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-71)
