# 7-берене. Турак жай укук мамилелеринин субъекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 7-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай укук мамилелеринин субъекттери болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана чет өлкөлүк юридикалык жактар турак жайларды курууга, аларды сатып алууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте аларды тескөөнү жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайларды ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген негизде жана тартипте сатып алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-8)
