# 68-берене. Адистешкен турак жай фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 68-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-68

---

1. Адистешкен турак жай фонду социалдык колдоого муктаж жарандар үчүн турак жайлардан турат. Жатак-үйлөрдөгү, пансиондордогу жана социалдык жактан тейлөөчү башка мекемелердеги бөлмөлөр мыйзамдарда белгиленген ушундай турак жайлар болуп саналат.

2. Адистешкен турак жай фонду мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте болушу мүмкүн.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган адистешкен турак жай фондунун турак үйлөрү ээликтен ажыратууга, пайдаланууга өткөрүп берүүгө, күрөө катары өткөрүп берүүгө жана башка бүтүмдөрдү жасоого жатпайт.

4. Адистешкен турак жай фондунун турак жайлары турак жайларга коюлуучу ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келиши керек, ошондой эле арналышы боюнча гана пайдаланылышы жана турак жайды пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналган белгилүү бир окуя болгонго чейин пайдаланууга берилиши керек.

Адистешкен турак жай фондунун турак жайын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиздер социалдык колдоого муктаж адамдардын ар бир категориясына карата ченемдик укуктук актыларда аныкталат. Адистешкен турак жай фондунан берилген турак жайын пайдалануу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, атайын турак жай фондунун турак жайларын пайдалануу акы төлөө болуп саналат. Мамлекеттик менчикте турган турак жайларды пайдаланууга төлөнүүчү акы Министрлер Кабинети тарабынан, ал эми муниципалдык менчикте турган турак жайлар - тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат.

Социалдык колдоого муктаж адамдардын айрым категорияларына адистешкен турак жай фондунун турак жайын пайдаланганы үчүн акы төлөө боюнча чыгымдарды мамлекет субсидиялайт же компенсациялайт.

6. Адистешкен турак жай фондунан турак жайын берүү жана пайдалануу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү макулдашуулардын негизинде юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте адистешкен турак жай фондунун турак жайларын түзүүгө укуктуу.

8. Адистешкен турак жай фондунун турак жайлары социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүүнү, ошондой эле социалдык чөйрөгө кошумча адам, материалдык, финансылык ресурстарды мамлекеттик эмес булактардан тартууну караган мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкактарында түзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайгаштыруунун жана пайдалануунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-69)
