# 66-берене. Юридикалык жана жеке жактардын кийин сатуу үчүн турак жайларды курууга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 января 2021 года № 3 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуре Кыргызской Республики", Жилищный кодекс Кыргызской Республики, Земельный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112164)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=1279533..1279534>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 66-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-66

---

1. Жарандар жана юридикалык жактар кийин сатуу үчүн турак жайларды курууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Турак жайды куруу менчик ээси же курулуш үчүн белгиленген тартипте берилген жер участогун пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

Көп батирлүү үйдү эксплуатацияга бергенде үй жанындагы жер участогу менчигинин формасына карабастан укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн чек араларында көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы үлүштүк менчигине өтөт. Турак жайларды турмуштук камсыз кылуу үчүн курулган инженердик инфратүзүмдүн объекттери (трансформатордук подстанциялар, электрдик тарамдар, насостук станциялар, ар кандай арналыштагы өткөрмө түтүктөр, кабелдик чубалгылар) тиешелүү камсыздоочу уюмдардын балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Менчик ээлери бул мүлктүн наркын тындыруунун эсебинен алардын товарларды берүүсүнүн шарттарында бул мүлктү камсыздоочу уюмдардын балансына өткөрүп берүүгө укуктуу.

3. Турак жайларды курууда жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үлүштүк куруу келишиминин шарттарында курулуп жаткан турак жайга үлүштүк укукту алууга укуктуу.

3-1. Эгерде сот тарабынан курулушчуга таандык мүлктү же акча каражаттарын камакка алуу түрүндөгү доону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлгөн учурда, анда доону камсыз кылуу боюнча чаралар доонун суммасынын чектеринде, объекттин курулушун жана аны эксплуатациялоого берүүнү токтотпостон, соттук териштирүүлөр аяктаган учурга чейин көрүлөт. Доону камсыз кылуу үчүн курулушчу тараптардын макулдашуусу боюнча өзүнө же башка жактарга таандык мүлктүн же курулуш объекттеринин ичинен доонун суммасынын чегинде акча каражаттарын же мүлктү коюуга укуктуу. Мында доону камсыз кылуу үчүн мүлктү баалоо көз карандысыз баалоочуну тартуу менен жүзөгө ашырылат.

4. Турак жайды үлүштүк куруу келишим жазуу жүзүндө түзүлөт, нотариалдык ырасталуусу жана мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүсү керек.

5. Курулуп бүтпөгөн турак жай мындай турак үйдүн менчик ээсинин баардык жер, шаар куруу мыйзамдарынан келип чыккан милдеттенмелерин бүтүм боюнча өткөрүп берүү шарттарында жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн предмети болушу мүмкүн.

6. Жарандар жана юридикалык жактар тарабынан курулган турак жайлар ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык келиши керек.

7. Курулган турак жайлар курулган турак жайларды эксплуатациялоого киргизилген жана мыйзамдарда белгиленген тартипте турак жайга менчик укугу мамлекеттик катталган учурдан тартып жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн предмети болушу мүмкүн.

8. Көп батирлүү үйдөгү турак жайларды сатуу учурунда сатып алуу келишими же ээликтен ажыратуунун башка келишими боюнча өткөрүлүп берилүүчү жайлардын курамына көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнө үлүшү кошо киргизилет. Көп батирлүү үйдөгү турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүн аныктоонун жана пайдалануунун тартиби жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынат.

(КР 2021-жылдын 6-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-67)
