# 65-берене. Турак жай-курулуш кооперативинин үйүнөн турак жай берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 65-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-65

---

1. Турак жай курулуш кооперативинин мүчөлөрүнө кабыл алынган адамга кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча анын пайлык төгүмүнүн суммасына ылайык көп батирлүү үйдөн менчигине батир берилет.

2. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсүнүн, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери, турак жайларды пайдалануунун шарттары жана пайдаланууну токтотуунун негиздери кооперативдин уставында аныкталат.

3. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсү төмөнкүдөй учурларда кооперативден чыгарылышы мүмкүн:

1) кооперативге кабыл алуу үчүн негиз болгон, чындыкка туура келбеген маалыматтарды берсе;

2) соттун өкүмү менен пайлык төгүм кылмыштуу жол менен табылган каражаттардан тургандыгы белгиленсе;

3) кооперативге киргенден кийин үч айдын ичинде пайлык төгүмдү, ошондой эле банк кредитин тындыруу төгүмдөрүн же болбосо кооперативдин үйүн капиталдык оңдоону, күтүүнү жана эксплуатациялоону жүргүзүүгө төгүмдөрдү жүйөлүү себептерсиз дайыма (жылына үч айдын ичинде) төлөбөсө;

4) эгерде эскертүү жана коомдук таасир этүү чаралары натыйжасыз болуп калса, турак жайды дайыма бүлдүрсө же бузса, же аны арналышы боюнча пайдаланбаса же болбосо башкалар үчүн бир батирде же бир үйдө жашоого мүмкүн болбогон жашоо эрежелерин дайыма бузса.

Турак жай-курулуш кооперативинен чыгаруу турак жай-курулуш кооперативинин уставында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Турак жай-курулуш кооперативинин мүчөлүгүнөн чыгаруу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн. Адам кооперативден негизсиз чыгарылган деп таанылган соттун чечими ушул адамды кооперативге мүчөлүгүнө жана андан ары турак жайды пайдалануу укуктарына калыбына келтирүүгө алып келет.

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-66)
