# 64-берене. Турак жай-курулуш кооперативдеринин үйлөрүнөн турак жай алууга укук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 64-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-64

---

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандар турак жай курулуш кооперативдерине кирүүгө укуктуу.

2. Турак жай-курулуш кооперативдери анын мүчөлөрүнүн жашаган жери боюнча же иштеген жери боюнча өздөрүнүн турак жай-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ыктыярдуу башталыштарда уюштурулат.

3. Турак жай курулушуна акча каражаттары менен катышуу бул кооперативдердин ишинин негизги багыты болуп саналат.

4. Турак жай-курулуш кооперативдерин уюштуруунун жана ишинин тартиби, ошондой эле жарандарды кооперативдин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан турак жай-курулуш кооперативдеринин мүчөлүгүнө кабыл алуунун тартиби мыйзамдарга ылайык белгиленет.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-65)
