# 63-берене. Жарандын менчик укугуна таандык турак үндү пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 63-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-63

---

1. Жарандар жеке менчик үйгө (үйдүн бир бөлүгүнө) ээ боло алышат, аны жашоо жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн пайдаланууга укугу бар. Алар үйгө башка жарандарды киргизүүгө, ошондой эле аны жарандык мыйзамдарда белгиленген шарттарда жана тартипте жалдоого берүүгө укуктуу.

2. Жаранга менчик укугуна таандык турак үйдүн турак жана жалпы аянтынын өлчөмү шаар куруу мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын эске алуу менен турак үй курууга бөлүнгөн жер участогунун аянты менен чектелет.

3. Көрсөтүлгөн турак үйдүн турак жана жалпы аянтынын эң төмөнкү өлчөмү ошол районунун курулушу үчүн санитардык-техникалык ченемдерге ылайык келиши керек.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-64)
