# 62-берене. Турак жай курулушун өнүктүрүү фондун уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 62-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-62

---

1. Турак жай курулушун өнүктүрүү фонду мыйзамдарда белгиленген тартипте Министрлер Кабинети тарабынан уюштурулат.

2. Мамлекеттик менчикте турган турак жайларды курууну өнүктүрүүгө дем берүү турак жай курулушун өнүктүрүү фондун түзүүнүн максаты болуп саналат.

3. Турак жай курулушун өнүктүрүү фонду акча каражаттарын топтойт:

1) мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайларды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн бир бөлүгүнөн;

2) мамлекеттик турак жай фондун менчиктештирүүдөн;

3) жарандар, юридикалык жактар жана башка уюмдар тарабынан өткөрүп берилүүчү каражаттардан;

4) эл аралык финансы институттарынын жана башка уюмдардын зайымдык жана гранттык акчалай каражаттарынан;

5) турак жай курулушуна дем берүүчү адистешкен баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен акча каражаттарын тартуунун эсебинен.

4. Министрлер Кабинети жыл сайын Турак жай курулушунун планын кабыл алат жана Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна милдеттүү чегерүүлөрдүн өлчөмүн белгилейт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда бегиленген тартипте турак жай курулушун өнүктүрүүнүн ушундай фонддорун уюштурууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-63)
