# 60-берене. Турак жайды менчиктештирүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 60-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-60

---

1. Менчиктештирүүдө турак жайлардын сатып алуучулары Кыргыз Республикасынын жарандары боло алышат.

2. Турак жайды сатып алууга арыз карамагында турак жайы болгон тиешелүү ыйгарым укуктуу органга берилет.

Турак жайларды менчиктештирүү жөнүндө жарандардын арыздары алар берилген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө каралат.

3. Ыйгарым укуктуу органдардын чечими мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Турак жайды жеке менчикке берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жаткан турак жайын сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.

5. Турак жайлардын менчик ээлери болгон жарандар жарандык мыйзамдарга ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-61)
