# 6-берене. Турак жай фондун пайдаланууну жана сактоону мамлекеттик эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 6-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-6

---

1. Менчигинин формасына, ошондой эле турак жайлардын белгиленген талаптарга ылайыктуулугуна карабастан, турак жай фондун пайдаланууну жана сактоону эсепке алуу мыйзамдарга ылайык атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Турак жай фондун мамлекеттик эсепке алуу турак фондун техникалык эсепке алууну өз убагында жүргүзүүнү, анын ичинде турак жайлардын мыйзамда белгиленген талаптарга ылайыктуулугун камсыз кылуу менен байланышкан, аны техникалык инвентарлоону жана паспорттоштурууну карайт.

3. Турак жай фондун мамлекеттик эсепке алууну жүзөгө ашыруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-7)
