# 59-берене. Кызматтык турак жайларды менчиктештирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 189 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Жилищный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О статусе военнослужащих", "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031358)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2025 [Закон КР от 6 августа 2025 года № 189 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Жилищный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О статусе военнослужащих", "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031358); 24.04.2025 [Закон КР от 24 апреля 2025 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Жилищный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026443); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Жилищный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе военнослужащих")](https://aqlex.ai/kg/doc/230005061)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926#diff=31406..37148>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 59-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-59

---

1. Кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө төмөнкүдөй адамдардын гана менчигине тикелей сатуу жолу менен өзгөчө учурларда жол берилет:

1) согуштун майыптарына жана СССРди жана Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда, же болбосо майданда болгондугуна байланыштуу ооруп калуунун айынан жарадар, контузия же мертинүүнүн айынан майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен башка майыптарга;

2) аракеттеги армиянын курамында болгон Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

3) СССРди коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын жана партизандардын үй-бүлөлөрүнө;

4) аскердик кызматты өтөө мезгилинде каза болгон (20 календардык жылдан кем кызмат өтөгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө;

5) аскердик же башка кызмат өтөө мезгилинде алган мертинүүнүн (жарадар болуунун, травма, контузия алуунун) же ооруга чалдыгуунун кесепетинен майып болгон адамдардын ичинен I жана II топтордогу майыптарга;

6) I жана II топтордогу майыптарга;

7) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү майып балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө;

8) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кызматтык турак жайларда жыйырма жылдан кем эмес жашаган адамдарга.

9) жыйырма жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына.

10) жыйырма жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ал эми алар каза болгон учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө.

2. Кызматтык турак жайларды менчиктештирүү ушул главада белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Кызматтык жайларды менчиктештирүүнүн тартибинин өзгөчөлүктөрү мыйзамдарда белгилениши мүмкүн.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча кызматтык турак жайларды менчиктештирүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат, эгерде аскер кызматчысынын өлүмү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук коркунучтуу деп таанылган жосунду жасагандыгынын улам келип чыкса;

- анын алкоголго, баңгизатка же уулуу заттарга мас абалда болуусунун натыйжасында келип чыкса;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүүнүн же өз жанын кыюунун натыйжасында келип чыкса.

(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 79, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 81, 2025-жылдын 6-августундагы № 189 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-60)
