# 57-берене. Кызматтык турак жайларды берүүнүн жана аларды пайдалануунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 57-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-57

---

1. Кызматтык турак жайлар берилиши мүмкүн болгон адамдар карамагында кызматтык жайлары бар ыйгарым укуктуу органга өтүнүч беришет.

Ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтүн негиздүүлүгүн карайт жана үч айлык мөөнөттүн ичинде кызматтык турак жай берүү жөнүндө маселени чечет. Кызматтык турак жайды берүү жөнүндө чечим карамагында кызматтык турак жайлары бар ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.

2. Кабыл алынган чечимге ылайык кызматтык турак жайы мүлктүк жалдоо келишими боюнча пайдаланууга берилет, анын маанилүү шарттары ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен жарандык мыйзамдарда белгиленет.

3. Кызматтык турак жайларда жашаган жарандарга турак жайларды брондоого, алмашууга (анын ичинде кызматтык жайга), бул жайларды жалдоого берүүгө, жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишимине өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт.

4. Кызматтык турак жай алган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү ушул жайды өз алдынча пайдалануу укугуна ээ эмес.

5. Кызматтык турак жайдын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы менен эмгек мамилелерин токтоткон адамдар кызматтык турак жайын анда жашаган бардык адамдар менен бирдикте турак жайларды мүлктөй жалдоо келишиминде белгиленген мөөнөттүн ичинде бошотуп бериши керек.

6. Аскер шаарчаларынын кызматтык турак жайлары аскер кызматынан запаска же отставкага бошотулган аскер кызматчыларына Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда берилет.

7. Ал жеткис күчтүн аракеттеринде кызматтык турак жайы жараксыз болуп калса, жалдоого берүүчү жалдоочуга башка турак жай берүүгө укуктуу.

8. Кызматтык турак жайларды берүүнүн жана аларды пайдалануунун тартибинин өзгөчөлүктөрү кызматтык жайлардын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-58)
