# 56-берене. Кызматтык турак жайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 56-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-56

---

1. Турак жайы же анын ыйгарым укуктуу органынын атынан менчик ээсинин чечими менен кызматтык жайдын катарына киргизилет жана чыгарылат.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайларды курууну жана сатып алууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Кызматтык турак жай берилиши мүмкүн болгон кызматкерлердин категорияларынын тизмеги кызматтык турак жайлардын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет.

4. Кызматтык жайлар ушул Кодексте белгиленген учурлардан тышкары менчиктештирилбейт.

5. Менчик ээси үчүн өз зарылдыгын жоготкон кызматтык турак жай менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан ушундай кызматтык жайды башка калктуу конуштан сатып алуу үчүн менчик ээсинин макулдугу менен менчик укугунан ажыратылат.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-57)
