# 55-берене. Убактылуу тургундар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 55-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-55

---

1. Турак жайды жалдоочу жана аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрү өз ара макулдашуу боюнча аларды пайдалануусунда турган турак жайда башка жарандардын убактылуу жашоосуна (убактылуу тургундарга) уруксат бере алышат.

Убактылуу тургундарды үч айдан ашуун мөөнөткө киргизүүгө турак аянтынын ченемдери сакталган шартта жана жалдоого берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кабарлоосу менен гана жол берилет.

2. Убактылуу тургундар ушул жайда жашаган жалдоочунун же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринчи талабы боюнча жайды бошотуп берүүгө милдеттүү. Баш тарткан учурда жалдоочу же анын үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай бербестен убактылуу тургундарды сот тартибинде чыгарууну талап кылууга укуктуу.

3. Убактылуу тургундар катары турак жайда жашаган жарандар жашаган мөөнөтүнө карабастан бул жайга өз алдынча укукка ээ эмес.

4. Турак жайга мүлктүк жалдоо келишиминин токтотулушу менен убактылуу жашаган жайды бошотуп берүүдөн баш тартканда, башка турак жай бербестен сот тартибинде чыгарылууга жатат.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-56)
