# 52-берене. Жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 52-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-52

---

1. Турак жайды жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнө аны менен бирге жашаган, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджети бар жакын туугандары кирет. Башка туугандары, эмгекке жөндөмсүз багуусундагылар жана башка адамдар, эгер жалпы чарба жүргүзсө, жалпы бюджети болсо жана бирге жашашса менчик ээсинин үй бүлө мүчөлөрү болуп таанылышы мүмкүн.

2. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн жарандар үй-бүлө мүчөлөрү болуусун токтотсо, бирок жалданган жайда жашоону улантып жатса, алар жалдоочу жана анын үй-бүлө мүчөлөрүндөй эле укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.

Жалдоочунун үй-бүлө мүчөсү катары адамды таануу жөнүндө талаш-тартыш сот тартибинде чечилет.

3. Жалдоочунун аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрү жалдоочу менен бирдей бардык укуктардан пайдаланат жана турак жайдын мүлктүк жалдоо келишиминен келип чыккан бардык милдеттерди тартат. Үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү ушул келишимден келип чыккан милдеттенмелер боюнча жалдоочу менен бирдей мүлктүк жоопкерчилик тартат.

4. Жалдоочу ушул жайда жашаган жашы жеткен бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ээлеген жайга өзүнүн жубайын, балдарын, ата-энесин, башка туугандарын жана анын багуусундагы эмгекке жарамсыздарды киргизүүгө укуктуу. Алардын жашы жете элек балдарынын ата-энелери менен бирге туруусуна макулдук талап кылынбайт.

5. Ушул беренеге ылайык турак жайга киргизилген адамдар, эгерде киргизүүдө ушул адамдардын жалдоочунун жана аны менен бирге жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда башка макулдашуу болбосо, ушул жайдан анда жашаган калган адамдар менен тең пайдалануу укугуна ээ болот.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-53)
