# 51-берене. Турак жайды жалдоочунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 51-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-51

---

1. Турак жайды жалдоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) турак жайды пайдаланууга;

2) жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен телефон жана башка коммуникацияларды киргизүү түрүндө өз каражатынын эсебинен турак жайды пайдалануучунун шарттарын жакшыртууга;

3) жалдоого берүүчүдөн турак жайды капиталдык оңдоодон өткөрүүнү талап кылууга.

2. Турак жайды жалдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) турак жайды өзүнүн арналышы боюнча жана ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектерде пайдаланууга;

2) жалданган турак жайдын сакталышын камсыз кылууга;

3) турак жайды талаптагыдай абалда кармоого;

4) турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында акы төлөөгө;

5) турак жайды учурдагы оңдоодон өткөрүүгө;

6) мүлктүк жалдоо келишимин узартпоо шартында жалдоого берүүчү тарабынан жазуу жүзүндө эскертүү берилген күндөн тартып эки жуманын ичинде ээлеген турак жайды бошотуп берүүгө;

7) турак жайды пайдалануунун башка эрежелерин сактоого.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-52)
