# 50-берене. Турак жайды жалдоого берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 50-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-50

---

1. Жалдоого берүүчү жалдоочудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

1) турак жай үчүн акысын өз убагында төлөөнү;

2) турак жайды сарамжалдуу жана таза пайдаланууну;

3) турак жайды жана жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайларды пайдалануунун эрежелерин сактоону.

2. Жалдоого берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) турак жайды аны пайдалануу үчүн жарактуу абалда өткөрүп берүүгө;

2) мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарын сактоого;

3) жалдоочу тарабынан турак эрежелери бузулган жана башка адамдарга зыян келтирилген учурда мүлктүк жалдоо келишимин бузууга;

4) жалдоочуга башка адамдардын укуктарынан эркин турак жайды өткөрүп берүүгө;

5) берилген турак жай жайгашкан көп батирлүү үйдөгү жалпы мүлктүн талаптагыдай сакталышына жана оңдоого катышууга;

6) турак жайды капиталдык оңдоону жүзөгө ашырууга;

7) башка милдеттерди аткарууга.

3. Ушул Кодексте жана турак жайды жалдоо келишиминде каралган милдеттерди аткарбаган турак жайдын жалдоого берүүчүсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-51)
