# 49-берене. Турак жайын мүлктүк жалдоо келишими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 49-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-49

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды мүлктүк жалдоо келишими жалдоого берүүчү - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы менен жалдоочунун - жарандын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Турак жайы мүлктүк жалдоо келишиминин объекти болуп саналат.

3. Бөлмөнүн бир бөлүгү же башка бөлмө менен бир кире бериш аркылуу байланышкан бөлмө (чектеш бөлмөлөр), ошондой эле кошумча жайлар (ашкана, коридорлор, буюм-тайым сактоочу бөлмөлөр ж.б.) мүлктүк жалдоо келишиминин объектиси болушу мүмкүн эмес.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалануу ушул Кодексте белгиленген талаптарды эске алуу менен турак жайды мүлктүк жалдоо келишимине ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Турак жайды мүлктүк жалдоонун типтүү келишими Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

6. Турак жайды мүлктүк жалдоо келишиминен келип чыгуучу мамилелерге карата жарандык мыйзамдардын эрежелери колдонулат.

Турак жайды мүлктүк жалдоо келишимине өзгөртүү, толуктоо киргизүү жана токтотуу тартиби ушул Кодексте белгиленген талаптарды эске алуу менен жарандык мыйзамдарда белгиленет.

7. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды мүлктүк жалдоо келишими жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча ушул Кодексте жана Жарандык кодексте белгиленген негиздер боюнча гана сот тартибинде бузулушу мүмкүн.

8. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүнөн берилген турак жайды жалдоого, кайра жалдоого берүү, алмашуу жана алар менен башка жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-50)
