# 45-берене. Турак жай аянтынын ченеми

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 45-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-45

---

1. Кыргыз Республикасында турак жай аянтынын ченеми Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет жана бир адамга жыйырма чарчы метрден кем болбоого тийиш.

2. Ченемден ашык турак жай аянты жарандардын айрым категорияларына бөлмө түрүндө же он чарчы метр өлчөмүндө кошумча турак жай аянты берилет. Айрым өнөкөт оорулардын оор формалары менен жабыркаган жарандарга, ошондой эле ишинин шарттары жана мүнөзү боюнча ушундай өлчөмдөгү аянтка муктаж болгон жарандарга кошумча турак жай аянтынын өлчөмү кеңейтилиши мүмкүн.

Өнөкөт ооруулардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Кошумча турак жай аянтын берүүнүн тартиби жана шарттары жана аны алууга укугу бар жарандардын категорияларынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Турак жайларды мөөнөттүү пайдаланууга, анын ичинде ижара шартында пайдаланууга берүүдө турак жайдын менчик ээси ушул беренеде карапган бир адамга турак жай аянтынын ченемин сактоого милдеттүү.

Мында турак жайда жалдоочу турак жайдын менчик ээсине же анын ыйгарым укуктуу адамына турак жайда жашай турган адамдардын саны жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-46)
