# 43-берене. Жарандарга турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 43-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-43

---

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган жарандарга, турак жайларды кезексиз жана биринчи кезекте алуу укугуна ээ адамдардан тышкары турак жайлар жалпы кезектүүлүк тартибинде берилет. Турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгү эсепке алуунун убагы боюнча аныкталат.

2. Жалпы кезекте турган жарандардын ичинен турак жайларды алуу мөөнөттөрүндө артыкчылыктан турак жай шарттарын жакшыртууга өтө муктаж үй-бүлөлөр пайдаланышат.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, социалдык тейлөөнүн стационардык мекемелеринде жашаган балдар, эгерде реабилитациялоонун жеке программасы өзүн-өзү тейлөө жана алар он сегиз жашка чыкканда өз алдынча жашоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн караса, ошондой эле жетим балдар, ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар алардын билим берүү жана башка мекемелерде, анын ичинде социалдык тейлөө мекемелеринде, балдар үйлөрүндө болуусу аяктагандан кийин турак жай менен биринчи кезектеги тартипте камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-44)
