# 42-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсептен чыгарууга негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 42-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-42

---

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандар эсептен төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:

1) турак жай шарттарын жакшыртууга укук берүүчү негиздерин жоготкондо;

2) башка калктуу конушка туруктуу жашаган жерине кеткенде;

3) пенсияга чыкканына, мөөнөттүү аскер кызматына чакырылганына байланыштуу бошотулган учурлардан тышкары, жаран эсепте турган уюм менен эмгек келишими токтотулганда;

4) жаран турак жай шарттарын жакшыртуу муктаждыгы жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенде же болбосо эсепке алуу жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдары тарабынан укук ченемсиз аракеттер жасалганда;

5) беш жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылганда;

6) эсепте турган жери боюнча эсептен чыгаруу жөнүндө арыз бергенде.

2. Жарандар эсепке алуу жөнүндө чечим чыгарууга укугу бар орган тарабынан эсептен чыгарылат.

Кабыл алынган чечим жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.

3. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган жаран башка жерге туруктуу жашаган жерине кетсе же кайтыш болсо, эгерде анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таануу үчүн негиздер жоюлбаса, анын ордуна анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эсепке коюлат. Мында үй-бүлө мүчөсү, эгерде ал ушул уюмда иштеген учурда гана иштеген жери боюнча эсепке коюлат, ал эми эсепте турган жаран өндүрүштөгү кырсыктын же кесипкөй оорунун натыйжасында кайтыш болгон учурда, үй-бүлө мүчөсү анын иштеген жерине карабастан эсепке алынат.

4. Уюмдарда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуунун абалын контролдоо кесипкөй бирликтердин тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсепке алуунун абалын контролдоо кесипкөй бирликтердин органдары менен бирдикте аталган органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-43)
