# 41-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 41-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-41

---

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу турак жай маселелери боюнча комиссиянын корутундусу болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен, ал эми иштеген жери боюнча - администрация менен уюмдун профсоюздук комитетинин биргелешкен чечими менен жүргүзүлөт.

2. Биринчи кезекте турак жайларды алууга укугу бар жарандар өзүнчө тизмелерде эсепке алынат.

Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж эсепке алынган жарандардын тизмеси ар жыл сайын такталууга жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий булактары аркылуу жарыяланып жатат. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөр укуктарды каттоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талаптары боюнча кыймылсыз мүлккө менчик укуктары катталгандар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

3. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке коюу жөнүндө арыз тиешелүү ыйгарым укуктуу органга же уюмга келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат.

Чечим кабыл алынганы жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.

4. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жана аларга турак жайларды берүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-42)
