# 40-берене. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/203926)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-42/edition/1279531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203926/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси, 40-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-40

---

1. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу мамлекеттик органдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жашаган жери боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Турак жай фонду бар жана турак жай курулушун жүргүзгөн уюмдарда иштеген же турак жай курулушунда үлүштүк катышы бар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эске алуу иштеген жери боюнча, алардын каалоосу боюнча, жашаган жери боюнча да жүзөгө ашырылат. Алар менен катар эле пенсияга кетүүсү менен байланыштуу уюмдарда ишин таштаган жарандар эсепке алышат.

3. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуунун тартиби, ошондой эле жарандарга турак жайларды берүүнүн кезегин аныктоо ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленет.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203926/st-41)
